"Каракол" улуттук паркында 17 жаштагы кыз өз өмүрүн кыйганга аракеттенген. Буга туугандары менен урушуп кеткени себеп болгон.
Ысык-Көл аймактык ИИБинен билдиришкендей 4-сентябрда кыздын тууганы милицияга кайрылган. Ал эрезеге жете элек кыз парктан сүрөт жөнөтүп ошону менен байланышка чыкпай жатканын айткан.
Милиция кызматкерлери айтылган жерге барышкан. Паркты кыдырып бадалдардын түбүнөн кызды табышкан. Ал даракка асынып алып өлгөнгө аракеттенген. Милиция кызматкерлери милиция бөлүмүнө алып келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Кыздын апасы Россияда иштейт, а өзү туугандары менен тил табыша албай калганы белгилүү болгон.