Жогорку Кеӊештин Аял-депутаттар форумунун мүчөлөрү Аида Касымалиева, Жылдыз Мусабекова, Рада Туманбаева Нарын облусунда болуп, жергиликтүү тургундар менен гендердик саясат, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жаатында пикир алышты.

 

Нарын шаарындагы музыкалык мектептеги жоголугушуунун жүрүшүндө көптөн бери чечилбей келаткан жарандардын социалдык кепилдиктерин камсыздандырууга байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү. Депутаттар бул форум аялдардын саясаттагы ордун белгилөө жана социалдык мааниси зор мыйзамдардын кабыл алынышына катышуусу боюнча өз ара пикир алыша турган чоӊ аянтчага айланып калганын белгилешти.

 

«Аял-депутаттар форуму гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жергиликтүү коомчулуктун, парламенттин, өкмөттүн ортосундагы өз ара байланыш көпүрөсү болуп саналат. Парламенттеги аялдардын биргелешкен аракетинин натыйжасында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, эрте нике кыюу, кыз ала качуу сындуу жосундарга каршы туруунун укуктук механизмдери түзүлдү, айылдык кеӊештердеги аялдар үчүн 30 пайыздык квтота белгиленди. Азыр биз жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», - деди вице-спикер Аида Касымалиева.

 

Депутат Жылдыз Мусабекова жогорку бийлик турумундагы, жергиликтүү бийлик органдарындагы жетекчилердин арасында аялдар абдан аз болуп жатканын айтты. «Аялдардын баардык деӊгээлдеги башкаруу иштерине жана чечимдерди кабыл алууга катышуусу калк турмушунун жакшыруусу түрткү бермек. Анткени, алар табиятынан кыйла калыс, боорукер, сезимтал келет эмеспи», - деп, аялдарды алдыдагы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго жигердүү катышууга чакырды.

 

Ал эми депутат Рада Туманбаева үй-бүлө институту коомчулук арасында орун алган көптөгөн терс көрүнүштөрдөн арылууда чоӊ роль ойноп, адамдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди. «Билимдүү бир аял – бир бүлө, ал эми билимдүү миӊ аял – бүтүндөй бир коомчулук» деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан, аялдардын келечек муун алдындагы жоопкерчили чоӊ», - деп кошумчалады ал.

 

Жолугушуу соӊунда Нарын облусундагы аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн кеӊейишине жигердүү катышкан бир катар адамдар Аял-депутаттар форумунун ардак грамоталары менен сыйланышты.