Бишкекте Москва күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек  мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда анын алкагында инвестиция жана соода-экономикалык кызматташтык маселелери боюнча экономикалык конференция болуп өткөн.

 

Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Москва өкмөтүнүн министрлери, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар боюнча департаментинин жетекчиси Сергей Черёмин, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, ишкерлер, компания өкүлдөрү катышкан. Делегация өкүлдөрү менен муниципалитеттин башчысы вице-мэр жана шаардык кызматтардын башчылары менен биргеликте профилдик багыттагы долбоорлорду талкуулашкан.

 

Негизинен Москва күндөрүнүн алкагында өткөрүлө турган маданий жана спорттук иш-чаралар үч күнгө созулат.