Нарын шаардык соту "Авангард-Строй" курулуш компаниясынын башкы директорун жана жергиликтүү мэринын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерин күнөөлүү деп тапты. 

 

Соттон билдиришкендей, айыптуулар күнөөлөрүн моюнуна алышкан жана кызматташуу боюнча келишим түзүштү. Ошондой эле компаниянын башкы директоруна 260 миң сом айып салынды. 

 

Эске салсак, аталган компания Ак-Татыр айылына мектеп курмай болгон. 2014-жылы тендердин жыйынтыгында аталган компания менен Нарын мэриясы келишим түзүшкөн. Анын негизинде "Авангард-Строй" 275 орундуу мектеп курмакчы болгон. Бирок мектеп курулган эмес.