Чүй облустук ИИБдин мурдагы кызматкери Казыбек Бапышев 10-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Ал УКМКнын абагында кармалат. 

 

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев жана Курчатова көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" супермаркетинин жанында эки жаран аеосуз сабалган. Учурда экөө тең ооруканада, бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалат. Мушташ болгон жерге барган милиция кызматкерлеринин жабырлануучуларга жардам бербей шектүүлөр менен кең-кесири сүйлөшүп турганы видеого түшүп калган. Шектүүлөрдү бошотуп кетүүгө алардын тууганы Казыбек Бапышев көмөк көрсөткөнү аныкталган.