Баткен облусундагы  Ноогардан айылынын тургундары алкоголдук ичимдиктерин саткан дүкөндөрдү кыдырып, сатуучуларды ичимдиктерди сатыктан алып салууга чакырышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

 

Жергиликтүү тургундун айтымында айылдаштар  чогулуп  спирт ичимдиктерин сатып алышкан да аны айыл четине барып төгүшкөн.

 

Ал белгилегендей, алкоголдук ичимдиктерден соң ар кандай окуялар болгондуктан эл зыян тартпасын деп толук жок кылышкан. Мындан ары аталган айылда спирт ичимдиктери сатылбайт, сатуучулар да ичимдик ташыбоого  сөз беришкен.