2020-жылы Ош облусунда пахтаны кайра иштетүүчү эки ишкана ачуу пландалып жатканын өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, губернатор Узарбек Жылкыбаев Араван районунда жергиликтүү калк менен биргеликте пахта териминин башталышына катышкан.
"Пахтаны иштетүү Ош облусунда эң пайдалуу секторго айланышы үчүн өкүлчүлүк баардык күч-аракетимди жумшайм", - деп билдирген губернатор.
2019-жылы Ошто пахтаны өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу 11%га өскөн.