ИИМдин мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, УКМК өткөргөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышов кармалды.

 

 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаардындагы Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында Кыргызстандын  жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиев аеосуз сабалган. Окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган. 

 

Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов мыкаачылык менен сабоо кылмышын  өз убагында аныктоого тоскоолдук кылган.  Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын жаап-жашырган. 

 

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Тергөө иштери жүрүп жатат.