Автотранспорт ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу азырынча иш жүзүнө ашырылбайт. Анткени экономикалык кырдаал начар.
Бул тууралуу парламент жыйынында белгилүү болду. Депутаттар тобу тарабынан "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, 2015-жылдын 24-июлунда "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. “Мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек, бирок экономикалык кырдаал начарлаганына байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021 жылдын 7-февралына чейин узартуу демилгеси сунушталууда. Буга Өкмөт каршы эмес”, - деди ал.