Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Исаков Каныбек Абдуваситович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү Исаковдун талапкерлигин колдогон. Исхак Масалиев өкмөт биринчи жолу министрликке татыктуу талапкер сунуштаганын белгилеген.
Эске салсак, Каныбек Исаков ОшМУну 8 жыл жетектеген.