Жогорку Кеӊеш Премьер-министр тарабынан Билим берүү жана или министри кызмат ордуна дайындоо үчүн сунуш кылынган Исаков Каныбек Абдуваситовичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

 

Каныбек Исаковду депутаттарга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Талапкер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. Айрыкча Ош мамлекеттик университетин 8 жыл жетектеп, аны эл аралык деӊгээлге чыгара алды.

 

«Талапкердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алат деген ойдомун», - деди ал.

 

КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Каныбек Исаковду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

 

«Сиз бул кызматка дайындалгандан кийин жоопкерчилик парламент тарапта да болорун эстен чыгарбаӊыз. Билим берүү тутумуна мамлекеттик бюджеттен жылына 30 млрд сом бөлүнөт, бирок азырынча анын натыйжасы анчалык деле байкалбай жатат», - деди.