Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигин жетектөөгө талапкер болгон Каныбек Исаковго суроолорду беришип, билим жаатына байланышкан маселелерди талкууга алышты. 

 

Депутат Алтынбек Сулайманов кезинде Касым Тыныстанов баштаган мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулар 30-жылдары эле латын алфавитине өтүү демилгесин көтөрүп, латын тамгаларын кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык иштеп чыкканын, бирок алардын көбү репрессияга тартылып кеткенин эске салды.

 

«Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан эле калыптыр. Сиздин латын алфавитине өтүү боюнча пикириӊиз кандай?», - деген суроо узатты депутат талапкерге.

 

Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын билдирди.

 

Андан тышкары, депутаттар окуу китептеринин сапаты менен мазмунун жакшыртуу, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, жаш кадрларга камкордук көрүү, тамырлап кеткен коррупциялык жосундарды зарылдыгын белгилешти. Алар өздөрүн кызыктырган сууролорго жооп алуу менен бирге, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ой бөлүшүп, бир катар сунуштамаларды берди.

 

Эске салсак, мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Нарындагы контейнер мектептин чуусунан улам өз арызы менен кызматтан кеткен.