Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралды. 

 

Депутат Дастан Бекешев соцтармакка Каныбек Исаковго кимдин кандай суроосу бар деп билдирүү калтырганын  жана ал жакка жазылган суроолорду даярдап келгенин айтты. 

 

"ОшМУда чындап эле коррупция жокпу? Аны менен кантип күрөштүңүз?" - деди депутат. 

 

"Коррупция бар, бирок масштабдуу эмес. Жаңы механизмдердин жардамы менен байкалаарлык ылдыйлады. Мындан ары да ушул багытта иштейбиз", - деди талапкер. 

 

"60 градус косинус эмнеге туура келет?" - деди депутат. 

 

Бул суроого талапкер кесиби боюнча математик эмес, филолог экенин билдирди.