Ошто милиция кызматкерлери ымыркайды балдар үйүнө таштап качкан аялды издеп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-сентябрда балдар үйүнөн милицияга босогого ымыркай ташталганы тууралуу кабар келген. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Берене - "Коркунучка калтыруу". Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ымыркай үй шартында төрөлгөн. Анын киндигин кесишип, балдар үйүнүн эшигинин алдына ташташкан. Баланын ата-энесинин өздүгү аныкталууда.