2019-жылдын 31-август күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан чет өлкөлүк жаран денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн.
Маалыматтын негизинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, төмөнкүлөрдү аныкташкан: 2019-жылдын 30-август күнү 23:00 чамасында 1964-жылы туулган Л.Л. аттуу чет өлкөлүк жарандын Кара-Суу шаарында жашаган үйүнө бейтааныш 4 атуул киришип, аны бычак менен коркутушуп, колу бутун байлап, уруп денесине жаракат келтиришип, 20 000 (жыйырма миң) сом акчасын, баасы 30 000 (отуз миң) сомдук “Ховавей” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана баасы 20 000 (жыйырма миң) сомдук ноутбугун алып чыгып кетишкен.
Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2019-жылдын 2-сентябрь күнү Кара-Суу шаарынын жашоочулары 2002-жылы туулган М.М (мурда соттолгон) 2003-жылы туулган Х уулу Х., 2004-жылы туулган К.С. жана 2002-жылы туулган Б.Б.(мурда соттолгон) аттуу жарандар кармалышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн жанынан жабырлануучуга таандык баасы 30 000 (отуз миң) сомдук “Ховавей” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана баасы 20 000 (жыйырма миң) сомдук ноутбук далил буюм катары алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары өтүп жаткан жарандар тарабынан жасалган башка кылмыштары да белгилүү болду.
Алар мындан сырткары башка жарандарга карата каракчылык, уурулук кылган фактылары аныкталып, булардын кылмышка шериктери Кара-Суу шаарынын жашоочулары 2003-жылы туулган Б.И. жана 2005-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар кармалышты. Бул факт Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-берененин (каракчылык), 200-берене (уурулук) жана Кыргыз Республикасынын Жорук кодексинин 90-берененин (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүүлөр Кара-Суу райондук сотунун чечими М.М. жана Б.Б. бир айга камакка алынды. Ал эми калган шектүүлөр жашы жете элек болгондуктан соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, ата-энелерине тапшырылды.