Премьер-министрдин келини Таалайгүл Сабырбекова сотко кайрылып, ЖК депутаты Евгения Строкованы жалган маалыматтарды тараткандыгы жана жалаа жапканы үчүн жарандык жоопкерчиликке тартууну суранды. Белгилей кетсек, Сабырбекова "Эргене" коомдук фондунун башчысы. 

 

"Мен депутаттар миллион сом жана расмий кечирим суроосун талап кылам. Жалган айыптарынын ар бир пунктун жокко чыгарсын", - дейт Таалайгүл Сабырбекова. 

 

Эске салсак, Строкова парламент жыйындарынын биринде Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталган дарыгерлерди колдоо митингдеринин артында өкмөт башчынын келини, "Эргене" коомдук фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова тураарын айткан болчу.