Саламаттыкты сактоо министрлиги  Бишкекте үстүнө футбол дарбазасы кулагандыктан жабыркап ооруканага түшкөн баланын акыбалы тууралуу маалымат таратты. Ага караганда, 6-сентябрда 2008-жылы төрөлгөн  бала тез жардам менен Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Балага "Баш мээнин ачык жаракат алуусу" диагнозу коюлган жана жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

 

7-сентябрда акыбалы турукташкандан кийин жалпы палатага которулган. Учурда балдар ооруканасынан Нейротравмалар бөлүмүндө дарыланып жатат. Акыбалы орточо оор. Бала эс-акылында. 

 

Ал бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. 

 

Эске салсак, баланы мектепте дене тарбия сабагы учурунда футбол дарбазасы басып калган.