Мурдагы президент Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев ИИМдин үстүнөн сотко арыз жазууга камданууда. Буга себеп - ИИМ Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга убакытты чектегени болду.
Слесаревдин айтымында, бул Кылмыш процессуалдык кодекстин эрежелерин бузуу болуп эсептелинет. Мөөнөттү чектөө адвокаттарга жана алардын коргоосундагы адамдын материалдар менен таанышуусуна тоскоолдук жаратат. Төрт күн ичинде алар физикалык жактан 28 том менен таанышып чыга алышпайт.
"Биздин башка да сот отурумдарыбыз бар. Алмазбек Атамбаев дагы бардык документтерди иликтеп чыга албайт. Анын үстүнө анын адвокаттарсыз окуп чыгуусу кайра эле адам укуктарынын бузулушуна алып келет", - деди Слесарев.
Кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга ИИМ адвокаттарга жана Атамбаевге алты күн убакыт берген.