Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына Исаков Каныбек Абдуваситочвичдин талапкерлигин көрсөттү.
Бул тууралу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Каныбек Исаков 2011-жылдан тапртып азыркы учурга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.
Соцтармактарда өкмөт башчысы сунуштаган талапкерге негатив сындар басымдуу болууда.
Эске салсак, буга чейинки министр Гүлмира Кудайбердиева өз арызы менен кызматтан кеткен.