Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев тергөөнүн кылмыш иши менен таанышууга берген убактысына алымсынган жок. Анын айтымында, кылмыш иши 28 томдон турат жана аны менен 11-сентябрга чейин таанышуу керек.
"Биздин башка да соттук отурумдарыбыз бар, убакыт аз. 28 томдун бир тому эле 300-400 беттен турат. Аны жөн эле окуп койбойбуз, анализдеп, коргоо линиясын түзүшүбүз керек. Кыргызстандын Кылмыш жазык кодексинде айыпталуучунун адвокаттарына кылмыш иши менен таанышуу убактысы чектелбеш керек деп турат. А тергөө бизге алты күн гана убакыт берди", - деп нааразыланды адвокат.
Айтымында, Атамбаев деле кылмыш иши менен тааныша элек. Ал барактап гана койгон, а окуп чыгууга көп убакыт кетет.
"Бирок Атамбаев кылмыш иши менен таанышты деп жарыялап жатышат. Биз муну тергөөнүн чыныгы жүзү катары кабылдайбыз", - деп белгиледи адвокат.
Алмазбек Атамбаевге 26-октябрга чейин УКМКнын абагында кармоо чечими чыккан. Ал оор беренелер - массалык башаламандыкты уюштуруу, укук коргоо кызматтарына каршылык көрсөтүү, киши өлтүрүү жана коррупция боюнча айыпталууда.