Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, "Оптима банктын" айнектен жасалган каалгасын таш менен талкалаган кыз кармалды. Анын ким экени аныкталды, бирок азырынча маалымат кеңири бериле элек.
Эске салсак, 9-августта «Оптима Банктын» өкүлдөрү милицияга имаратынын терезесин таш менен сындырган белгисиз кызга чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз жазышкан. Арызда айтылгандай, 9-август түнү саат 12:00 чамасында 20-25 жаштагы кыз Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Оптима Банктын» эшигинин айнегин талкалаган. Бул көрүнүш видеобайкоого да түшкөн.