Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча Бектен Сыдыгалиевге мандат тапшырылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Насыр Мусаев мандатын өткөрүп берүү боюнча 5-сентябрда арыз жазган жана аны БШК бүгүн, 6-сентябрдагы жыйынында карады. Мурдагы депутат арызында ден соолугуна байланыштуу бир жарым жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жаткандыктан ордун башкага бошотуп берүүнү белгилеген.
Насыр Мусаев 2018-жылы 18-апрелде депутаттык милдетине киришкен болчу.