Жал районундагы мушташ боюнча кармалгандар көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин башчысы Канат Жумагазиев билдирди.
Айтымында, ага таңкы саат 4:00дө телефон чалышып, шектүүлөр өздөрү милиция бөлүмүнө келгенин айтышкан.
"Биз агасы менен бир нече жолу сүйлөшүп, шектүүлөр кайда жашынганын айтуусун суранганбыз. Бардык досторун жана туугандарын текшердик. Андан кийин шектүүлөр өздөрү келишти. Бирок күнөөнү моюнуна алуу көрсөтмөсүн жазуудан баш тартышты", - деди ал.
Ошондой эле шектүүлөрдүн туугандары милиция чабуул жасап кармоо операциясын баштайт деп корккондуктан шектүүлөр өздөрү келишкенин да айтышты.