Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюга багытталган атайын операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам-иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тинтүү иш-чарасын жүргүзүүнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылып алынды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси баш башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.