Саламакттыкты сактоо министрлиги 8-класстын окуучусунун баласын саткан дарыгердин аракетине баа бере албай турганын билдирди. Маалыматка караганда, дарыгерлердин баары кош бойлуу өспүрүмдүн кырдаалы боюнча маалымат алышкан. Буга ылайык клиникалык протоколдор бар. Бардык дарыгерлер сексуалдук өкүмзордукка кандай чара көрүүнү да билишет. 

 

"Эгер дарыгер ал окуяны ойлонулган түрдө жаап-жашырып койгон болсо укук коргоо кызматтары иликтеп, аракетине юридикалык баа беришсин. Дарыгер бул эмне менен бүтөөрүн жакшы билген. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигин кабардар кылышы керек болчу, бирок андай кылбады", - деп билдирди аталган министрлик. 

 

Эске салсак, Сокулук районунда ата өз кызын зордуктап, өспүрүм кыз уул төрөгөн. Төрөткөн дарыгер ымыркайды башка үй-бүлөгө сатып жиберген.