Алымкулов Эмилбек Абдыраимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

 

Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. 

 

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Эске салсак, Нарындын буга чейинки губернатору Аманбек Кайыпов өз арызы менен иштен кетти.