Талас облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кечээ, 5-сентябрда болжол менен саат 20:45те Талас облусунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

 

Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.