Бишкек ШИИБинин тергөө кызматы адвокат Икрамидин Айткуловдун кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки иликтөө иштерин соңуна чыгарды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, жакынкы күндөрдө кылмыш иши шаардык прокуратурага, андан ары сотко өткөрүлөт.
Икрамидин Айткулов көз боемочулукка шектелип жатат. Белгилей кетсек, ал ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты.