УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү күнөөсүн моюнуна алган жок. Ал акыйкатчы Токон Мамытовго бул ишке катыштыгы жоктугун билдирген.
Акыйкатчынын айтымында, Акыйкатчылык институтуна шектүүнүн агасы жана жубайынан кат келген. Анда шектүү бул ишке катыштыгы жоктугу айтылган.
"Шектүү бизге чабуулдан эки-үч күн мурда Кой-Ташка айдоочу болуп ишке орношконун айтты. Аны ал жакка КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев чакырган. Жигит жергиликтүүлөр менен жакшылап таанышканга да үлгүргөн эмес. Ниязбеков өлтүрүлгөн күнү колуна эч кандай курал албаганын айтууда", - деген Токон Мамытов окуя кандай болгонун тергөө аныктай турганын кошумчалады.