Депутат Рыскелди Момбеков белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын төбүлүккө калтыруу боюнча Өкмөттүн көрүп жаткан чараларына Т.Усубалиевдин туугандары нааразы болуп жаткандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

 

 

"4-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин жүз жылдыгын өткөрүү боюнча буйрукка кол койгон болчу. Премьер-министрдин жетекчилиги астындагы иш-чараны уюштурууга Усубалиевдин үй-бүлөсү нааразы болуп жатышат. Анткени, уюштуруу комиссиясынын төрагалыгында Абылгазиев өзү эмес анын орун басары турат. Буга чейин Чыңгыз Айматовдун жана башка ишмерлердин мааракелерин өткөрүүдө премьер-министрлер өздөрү комиссияны жетектешкен", - деди депутат. 

 

Ошондой эле Бишкектеги Биринчи май районун Турдакун Усубалиев атындагы район кылып өзгөртүүнү сунуштады.