Депутат Төрөбай Зулпукаров парламент жыйынында Араб өнүктүрүү фонду 2013-2014-жылдары эле билим берүү мекемелерин курууга каражат бөлгөнүн эске салды. Анын негизинде ушул жылдын 1-сентябрына чейин 30 мектеп курулушу керек эле.
"Балдар контейнер мектепте окуп баштаса, анда ал акчалар кайда кетти? Өкмөт башчы бул маселени көзөмөлдөшү керек", - деди депутат.
Депутат Алтынбек Жунус уулу да Нарын районундагы мектептин маселесине кайрылды. Ал мектепти куруу үчүн керектелүүчү каражатты коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар сакталчу Бирдиктүү депозиттик эсептен алуу керек. Эсепте 1 миллиарддан ашуун каражат чогулган.