Бүгүн, 5-сентябрда Акүй алдында митинг болот. Уюштуруучулары билдиргендей, митинг ур-токмокко алынган эки жарандын жакындарын колдоо иретинде болот. 

 

Катышуучулар бийликтен кылмышкерлерди таап, тиешелүү жаза беришин талап кылышат. 

 

Эске салсак, 28-августта эки жаран катуу сабалган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин жабыркагандардын таламын талашкандын ордуна сабаган тарап менен беймарал сүйлөшкөн. Аны окуянын күбөлөрүнүн бири видеого тартып интернетке чыгарган. 

 

Премьер-министрге да бул окуя жетип, ал ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге шектүүлөрдү таап, тиешелүү жоопкерчиликке тартууну тапшырган. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркагандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча да көрсөтмө берген.