Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Садыр Жапаровдун маселесин көтөрдү. Ал экс-депутаттын адвокаты сотко аны амнистияга туш келтирүү өтүнүчүн жолдоп кайрылганын, бирок сот баш тартканын айтты.
"Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев да башкы прокурорго Садыр Жапаровдун иши кайры кароого жөнөтүүнү суранып кайрылды. Бардык соттолуучулар амнистияга туш болуп жатышат, а Садыр Жапаров жок? Соттордун калыстыгы, акыйкаттуулук кайда?" - деди депутат.
Садыр Жапаров 11,6 жылга эркинен ажыратылган.