Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда, Кудайбердиева Гульмира Каримовнанын отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 

Эске салсак, Гүлмира Кудайбердиева окуу китептери ката жазылганына министрликти айыптаган эмес, ал күнөөнү басмаканаларга төңкөргөн. Ошондой эле жакында Нарын облусундагы контейнерден куралган мектептин ачылышына катышкан. Бул үчүн коомчулуктун талкуусуна кабылган.