Бир нече күн мурда Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан мотоцикл айдап баратып жол кырсыгына учурап, алган жараатынан өзүнө келбей жатып каза тапкан. Жол кырсыгына себепкер айдоочу саясатчыдан жана элден кечирим сураган видеокайрылуу жарыялады. 

 

"Жол кырсыгынан кийин төрт күн Дастандын үй-бүлөсү менен чогуу жүрдүм. Ушунчалык мээримдүү, алпейим, кечиримдүү адамдар экен. Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна бала болойун, келинчегим келиниңиз, кызым небереңиз болсун. Өмүрүмдүн аягына чейин сиздерге карыздармын", - деген жигит ал күнү азык-түлүк алып келе жатканда кырсыкка кабылганын, баары күтүүсүз болгонун айткан. Ошондой эле саясатчынын үй-бүлөсүнөн бир да жаман кеп укпаганын белгилеген.