Бишкекте салынып, быйыл апрелде ачылган "7-апрель шейиттери" мечити мурда кандай иштесе дагы деле ошондой калыпта иштөөсүн уланта берет. Тергөө болгону ал мечит салынган жер Атамбаевдин кайсы акчасына алынганын гана иликтейт. 

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, мечит жайгашкан жер тилкеси Атамбаевге таандык "Форум" илимий-өндүрүш фирмасы" ЖЧКсына караштуу. 

 

Атамбаев 8-апрелде камакка алынган. Ал бир нече беренелер боюнча айыпталып жатат.