Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун үстүнөн дагы бир доо арыз келип түшкөнүн Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-августунда шаардык милицияга М.А. аттуу жаран арыз жазып кайрылган. Анда 1956-жылы туулган адвокат Икрамидин Айткулов, анын жубайы А.Р. жана алардын уулу Р. 2016-жылы ноябрь айында ар кандай убадаларды берип, алмамчылык жол менен ишеничке кирип11 миң 678 АКШ долларын карызга алышкан.
Аталган факт Бишкек ШИИББ кылмыштар жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган жана КР Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө, 2016-жылы ноябрь айында Икрамидин Айткулов жана анын жубайы Р.А. М.Адан 11 миң 678 АКШ долларын бир айда кайтарабыз деп карызга алышкандыгы аныкталган. Айтылган убакыттан кийин М.А. карызды кайтаргыла деп баштаганда И. Айткулов карыз берген жаранды 3 ай күтүүгө макулдатып келишимин түзгөн. Бирок андан кийин деле И. Айткулов убадасын аткарган эмес.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында иликтөө жүргүзүлүүдө.