КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков 1-сентябрда Путин чокусуна чыкты. Ал видеосун соцтармактагы баракчасына жарыялады. 

 

Карыпбеков Путин чокусунда туруп орус президенти Владимир Путинге кайрылды. 

 

"Билим күнүндө чокуну багындырганыбыздан улам мен сизге муну сунуштагым келет: мен сиздин атыңыздан бир мектепти санариптештирип, компьютердик класс ачам. Кайсы мектеп экенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тандасын. А сиз мага ал үчүн өзүңүздүн кол саатыңызды белекке бересиз", - деди Карыпбеков.

 

Ал чокуга чыгам деп атып кол саатын жоготуп алганын айтты. Ошондой эле интернеттин күчүнө терең ишенерин белгилеген ал Путин бул видеону көрүп, тийиштүү чечим кабыл алаарына үмүт артты. 

 

Чүй облусундагы Тянь-Шань тоо кыркаларындагы чокуга Владимир Путиндин аты 2011-жылы берилген. Чокунун бийиктиги 4450 метр.