Чүй облусундагы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында  өз кызын зордуктаган ата ачыкталды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИБи тастыктады.

 

Маалыматка караганда,  өспүрүм кыз  Э.Д. аттуу гинекологго кайрылган, кош бойлуу болуп калганын билдирип, боюнан алдыртууну суранган. Гинеколог ага макул болгон эмес, кыз уул төрөгөн, ымыркайды башка үй-бүлөгө сатып салышкан. 

 

Учурда 53 жаштагы ата М. А. кармалды. Ал убактылуу жайга киргизилди.  Кызды төрөткөн дарыгерге жана кыздын ата-энесине юридикалык баа берилет.