КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Украинанын борбору Киев шаарында курал жана ок-дарылар менен кармалган адам Кыргызстандын жараны эмес.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жанында курал-жарак алып жүрүп Украинанын полициясы тарабынан кармалган адам кыргызстандык деген маалыматты тастыктаган жок. Ошондой эле, Украинанын Улуттук полициясы ал адам Кыргызстандын жараны эместигин аныктаган.
Эске салсак, кечээ Киевдеги соода борборлорунун биринин автоунаа токтотуучу жайынан шектүү автоунаа отурган киши тинтүүгө алынган. Жанынан тапанча, ок-дары, кол кап жана башка буюмдар чыккан.