Акыйкатчы Токон Мамытов менен укук коргоочулар жолугууга ниеттенишүүдө. Бул Сузак районундагы эки жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу. 

 

"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, каза тапкан кыздын апасы коркуп калган жана өз укуктарын билбейт. Ал кыздын таенесине (өзүнүн өгөй апасы) арыз жазуудан баш тарткан, туугандары коркутуп койгондой кебетеси бар. 

 

Ошондуктан коомдук фонд акыйкатчыдан бул окуяны көзөмөлгө алууну суранат. 

 

"Күнөөлүү жазадан кутулуп кетпеши керек. Биз азыр Бишкектен комплекстүү экспертиза жасатуу алдында турабыз", - деди Турдубекова. 

 

 

Эки жаштагы кыз ур-токмоктун белгилери менен Жалал-Абаддагы ооруканага түшүп, өзүнө келбей жатып каза тапкан. Анын апасы Россияда иштеп, кыз өгөй таенесинин колунда калганы белгилүү болгон.