Кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасында кайрадан жаңжал орун алганын Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, тажик чегарачылары үч жолу асманга ок чыгарышкан. Баткен районунун Ак-Сай айылынан алыс эмес жерде, Ак-Сай дарыясынын Кыргызстандын аймагындагы жээгинен кыргызстандыктар автоунаага шагыл жүктөшкөн. Ушул убакта дарыянын экинчи жээгинде, Тажикстандын аймагында чегарачылар пайда болгон, алар асманга эскертүү иретинде үч жолу ок чыгарышкан. Курмандыктар жана жабырлануучулар жок. 

 

Учурда жаңжалдын келип чыгыш себептерин жеринде эки тараптын чегарачлары жолугушуп такташууда.