Каракол шаарындагы Октябрь районунун криминалдык милиция кызматы ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүунү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда шектүү Б.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин "Талап-тоноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш жасагандан кийин шектүү Ысык-Көл облусуна кетип калганы аныкталган. Аны Караколдогу кафелердин биринен кармашкан. Ал 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран болуп чыккан. Тинтүү учурунда автоунаасынан буюм далилдери табылган. Учурда ыкчам иликтөө кызматкерлери калган шектүүлөрдү колго түшүрүү аракетин көрүшүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди 0705102406, 0707355347 телефон номерлерине байланышууга чакырат.