Азимбек Бекназаров да мурдагы президент Атамбаевге болгон доосунан баш тартууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу өзү билдирди. 

 

Айтымында, учурда Жогорку сотто Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразы болгон Атамбаевдин адвокаттарынын арызы каралып жатат. Эске салсак, буга дейре Бишкек шаардык соту Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин Атамбаевге каршы жазган арызын канааттандырган. Сот чечими боюнча жоопкер доо арыз жазган тарапка 100 миң сом төлөп бериши керек эле. 

 

"Биз соттон утуп алганбыз, андыктан Жогорку сот деле Атамбаевдин адвокаттарынын арызын канааттандыруудан баш тартса керек. Мен доо арызды аткартуудан баш тартайын деп жатам. Мага 100 миң сомдун кереги жок. Ахматбек Келдибеков менен Кеңешбек Дүйшөбаев азырынча так чечише элек, бирок алар деле баш тартышат болуш керек", - деди Бекназаров. 

 

 

Буга дейре Бекболот Талгарбеков менен Турсунбек Акун да Атамбаевге болгон доосунан баш тартышкан.