Текебаев учурда кичи мекени Жалал-Абад облусундагы Акман айылында жүрөт. Аны кичи мекенине бир катар саясатчылар жана партиялаштары, санаалаштары коштоп барышты.
Депутат Жанар Акаев Текебаев менен Атамбаевди салыштырып, Текебаевдин кырдаалын мыкты деп тапты.
"Акыркы айларда биз өлкөдөгү эки чоң саясатчынын үйүндө эмнелер болгонуна күбө болдук. Бирөөсүнүн үйүндө адамдарды чогултушуп, бука союшуп, вальс бийлешти, акча таратышты. Бирок ага карабай элдин колдоосуна ээ боло алышпады. А азыр Акманда карапайым эл өзү эле чогулуп жатат", - деди депутат.
Ал ошондой эле Текебаев менен Чотоновду жаш саясатчыларга үлгү кылды.