Садыр Жапаровдун каза тапкан уулу Дастан менен кырсык болгон күнү чогуу бараткан кыз Улуттук госпиталга которулду. Учурда 20 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кыздын бет сөөгү жабыркаган. Аны Улуттук госпиталдын жаак сөөктөр хирургиясы бөлүмүнө которушкан.
Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаровдун уулу Дастан 22-августта жол кырсыгына кабылган. Ал айдап бараткан мотоциклди жеңил автоунаа коюп кеткен. 4-ооруканага жеткирилген Дастан Садыр уулу өзүнө келбей жатып 26-августта көз жумган.