Текебаев үй камагына чыккандан кийин Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Акман айылына барды. Бул коомчулукту таң калтырды. Анткени, үй камагына чыккан адам жашаган жеринен башка аймакка бара албайт. 

 

Саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова сотко арыз жазышканын билдирди. 

 

"Анын апасы карып калган, ошондуктан сотко арыз жазып барып келүүсүнө уруксат берүүсүн сурандык. Соттон кат жүзүндөгү уруксат алдык. Анда кайсы күндөн кайсы күнгө чейин Ош жана Жалал-Абад облусуна барып келе алаары жазылган", - деди адвокат.