Үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев кичи мекени - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна барды. 

 

Саясатчыны Акман айылындагы ата-энесинин үйүндө энеси, туугандары, коңшулары чогулуп тосуп алышты. Апасы баласын бек кучактап өөп, башынан суу тегеретип, андан кийин өпкө чапты. 

 

Текебаев айылдын жашоочулары менен жолугушту. Ал 12-сентябрдан тартып ишти кайра кароо боюнча соттук процесс башталаарын, 5-сентябрга чейин туулган айылына келип кетүүгө уруксат берилгенин айтты. 

 

Ал ошондой эле жалгыз адамдык камерада 2 жыл 7 ай отурганын, бирок бир да секунд өзүн жалгыз сезбегенин белгиледи. 

 

"Анткени, сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Сиздер мени саясий айдыңга чыгарганыңыздарга жакында 30 жыл болот. Кээ бирлер Текебаевдин саясий сакталуусунун сыры эмнеде деп сурашат. А мен бул сиздердин колдооңуздар деп айтам, сиздер мени колдоп турганда мен бармын", - деди саясатчы. 

 

Текебаев менен Чотонов үй камагына 29-августта чыккан.