Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган XIII  Эл аралык «Айтыш – 2019»  сынагы 31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жыйынтыкталды. Ак таӊдай акындардын сынагында Казакстандан келген 8 акын менен Кыргызстандын 8 акыны айтышты.

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө туш келген «Айтыштын» жыйынтыктоочу бөлүгүнө Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон депутаттар – Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Алтынбек Сулайманов,Эмил Токтошев, Талант Мамытов, Рыскелди Момбеков, Жунус уулу Адыл, Өмүрбек Бакиров  келишип, ак таӊдай акындардын бүйүр кызыткан сынагына күбө болушту.

 

Байге фонду 2 миллион сомду түзгөн  өнөр сынагынын 1-айлампасынан топ жарып чыккан Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Эламан Келдибеков, Айнур Турсунбаева, Балгынбек Имаш, Мухтар Ниязов, Жандарбек Булгаковдун айтышынан соӊ, калыстардын чечими менен баш байге үчүн Жеӊишбек Жумакадыр Айнур Турсунбаева менен, Асылбек Маратов казак акыны Жандарбек Булгаков менен айтышты.

 

Сөз баккан ак таӊдай акындардын Эл аралык өнөр сынагынын жыйынтыгында, баш байгени Айнура Турсунбаева менен Жеңишбек Жумакадыр бөлүп алышса, 1-орун Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаковго, 2-орун Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязовго, ал эми  3-орун Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имашка ыйгарылды.  Ошондой эле айтыштын башка катышуучуларына  кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилди.

 

Эл аралык «Айтыштын» баш байгесин ээсине тапшыруу милдетин аткарган Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Акын акын болуп төрөлөт.  Акындыкты жасап же үйрөнүп  алууга болбойт. Акындык  жан дүйнө менен жарыкка келип,  баалангыс, алмашкыс, жоголбос касиетке ээ. Теӊир берген улуу касиетти аздектеп, асырап алуу бул чоӊ эрдик"., - деп, ушул өнөрдү аздектеп, бүгүн кыргыз жергесинде элге  майрамдык маанай тартуулаган ар бир акынга ийгиликтерди каалады.