Украинанын борбору Киев шаарындагы супермаркеттердин биринде Кыргызстандын жараны полиция тарабынан кармалды. Ал көтөрүп жүргөн баштыктан үч граната, тапанча жана ок-дарылар табылган.
Жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкандай, жарандын жанынан мындан башка да балаклава, кол каптар табылган. Полиция кызматкерлери жарандын адамдарды уурдоо менен алектенген топко катыштыгы болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.
Полиция кызматкерлери Novus супермарткетинин унаалар токтотуучу жайында шектүү Lexus автоунаасын байкашкан. Андан жаран чыкканда жакындап барышып документ көрсөтүүсүн талап кылышкан. Жаран тапанчасын чыгарып, укук коргоо кызматкерлерин коркутуп качып кетүүгө аракеттенген. Бирок аны кармап калышкан.